Рет қаралды 14,457
Мен мигрантмын, мекенинен четтеген,
Жашоом болду, кулчулука чектеген.
Ар улуттун, жегенинин түбүн ичип,
Өлбөш үчүн, күндү көрүп эптеген.
Мен мигрантмын, кыйналсам да кетпеген,
Жашоом болду, оор күндөргө кептеген.
Түштөн көрүп, Кыргызстандын кооздугун,
Туулуп өскөн, мекенине жетпеген.
Апам ыйлайт, балам качан келесиң деп,
Атам кыйнайт, качан акча бересиң деп.
Эжем чалат, иним чалат, карындаш да,
Качан айтчы, жокчулукту жеңесин деп.
Кечир апа, быйыл дагы баралбадым,
Кечир ата, акчамды салалбадым.
Эжекебай, карындашым, иничегим,
Түшүнгүлө, айлыгымды алалбадым.
Жашап келем, жакшы жаман күн көрүп,
Жумуп көздү, уктай албай түн көрүп.
Жакындарым, мен силерди сагынганда,
Жашып алам, жуурканыма чүмкөнүп.
Эстен кетпейт, азап күндөр кышындагы,
Энтиге жууп, туалет ичин, тышын дагы.
Эшектей, ачка иштетип акча бербей,
Эзип салды, бизге болгон кысымдары.
Жан таттуу, ачкалыктан кыйылбады,
Жашоо билбейм, неге мынча кыйындады.
Мекен турса, бейиштин жайлоосундай,
Мигрант болуп, кеткендер тыйылбады.
Мекен таштап, мындай өмүр сүрбөйт элек,
Мурда кийин, жегендер болбогондо.
Энебизге, эркелеп жүрбөйт белек,
Элин ойлоп, уурданбай оңдогондо.
Каалабаймын, келечектин тарышын,
Каалайт элем, кыргыз баатыр табышын.
Кыйнап бизди, кулча иштеткен ар улут,
Кыргызстанга, мигрант болуп барышын.
Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат
/ temirovlive
Биздин тик-ток - vm.tiktok.com/ZSecaq4Eo
Инстаграмыбыз - / aytaytdese