Рет қаралды 13,703
КР эл артисти, профессор УЛУКМЫРЗА ПОЛОТОВ
Классташ балдар бар эле да, ошолор айтып калышты. "Ай, сен аябай жакшы ырдачу элең го, кеттик, сени музыкалык училищеге алып барып угузуп көрөлү", - дешти. Мен макул болдум. Биз ошондо октябрда барып калдык да. Сиз кечигип калдыңыз деди.
Коган деген директор болчу. Өзү чыгып айтты, коё тургула, азыр адистер угат, эгерде жакса сиз менен алектенишет деди.
Анан ырдата баштады. Фортепианону жакшы билбейт экен. “Ну, играйте” деп коём аны карап.
Ырдасам үч-төрт кемпир баары чогулуп алып туруп мен жөнүндө сүйлөшүп жатышат. "Ммм, табияттан тарбияланган үн экен эмнегедир" деп жатышты.