Рет қаралды 38,814
#сыймыкбейшекеев #азаматбейшекеев #менинтилегим #дуэт #ретроырлар
Менин тигеим
С. о. Сыймык Бейшекеевдики
- Уулум, сабактарың кандай?
Окугун окуудан сен калбай.
Элиңе керек эртең жансың,
Андыктан бизди уят кылбай.
- Атаке, ойлонбоңуз,
Окуулар жайында.
Сизди уят кылбайм,
Жакшы окуйм буйруса.
- Мектебиң көрүп, көңүл толду,
Оюнду эми азайт болду.
Сөзүн ук мугалимдин дайым,
Көргөзөт сага туура жолду.
- Окуймун, деп дегдейм,
Ойнойм деп келбегем.
"А" тамгасын тааныткан,
Менин Зина эжем.
- Эрмегим, эр азамат болгун,
Эсен бол, бактың башка конуп.
Чептен ай эрдин күчү бек дейт,
Баатыр бол эли-жериң коруп.
- Атаке, ойлонбоңуз,
Окуулар жайында.
Сизди уят кылбайм,
Жакшы окуйм буйруса.
Тилеген тилегимди,
Берсинчи Кудайым.
Элибиз тынччылыкта,
Жашасын ылайым.
Тилеген тилегимди,
Берсинчи Кудайым.
Элибиз тынччылыкта,
Жашасын ылайым,
Жашасын ылайым.