Рет қаралды 49,412
Күч органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, бир нече депутаттардын каршылыгынан соң күн тартибинен алынды.
Мыйзам демилгечилери соңку учурларда ички иштер органдарынын кызматкерлерине баш ийбей, мазактап, алардын ишине мыйзамсыз кийлигишип, каралоо үчүн сүрөт, видеого тартып социалдык тармактарга жайылткан учурлар көбөйгөнүн белгилейт.
Мыйзам кабыл алынса, жогорудагы айтылган талаптарды бузгандар 5 миң сом айып пул төлөйт же 5-7 сутка камалат.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлгандан баштап ар кандай сынга кабылып, бир катар жарандык активисттер бул демилгеге каршы чыгышты.
"Медиа полиси институтунун" юристтери мындай сунуш ишке ашса, жарандардын укугу чектелип, элдин укук коргоо кызматкерлерине, мамлекетке болгон ишеними азайарын айтууда.
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -www.youtube.co....
Телеграм - t.me/Azattyk_r...
t.me/azattykrus