Рет қаралды 8,621
Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына тартылган чет элдик түз инвестициянын натыйжасында элет элине атайын техникалар алынып берилүүдө. Эми аймакты өнүктүрүү жана калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында, ички инвестиция тартууга жол ачылды. Биринчи жолу Эмгекчил айылына өнөр жай зонасы ачылмай болду. Бул үчүн 20 гектар жер бөлүнүп берилди. Кийинки жылы эң ириде 5 инвестор тартылып, жергиликтүү элге пайдасы тие турган завод, ишкана ачылышы керек. Учурда Миң-Булак айыл аймагына 800 миң доллар инвестиция салган кирпич завод сыяктуу онго жакын ички инвестор акырындан өз ишмердүүлүгүн баштады.
Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз
Facebook - / utrkkg
KZbin (УТРК) - www.youtube.com/@UTRKkgchanne...
Instagram - utrk_live?...
Телеграм - t.me/ktrk_live