Пайгамбарыбыз САВдын жаштыгы...

  Рет қаралды 54,459

БЕЙИШ НУРУ

БЕЙИШ НУРУ

4 жыл бұрын

Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) жыйырма жашта. Зулумдукка каршы чыгып, коомдук иштерге активдүү аралаша баштоосу.
Ааламдардын мырзасы Мухаммед (САВ) жыйырма жашка толду.
Пайгамбарыбыз (САВ) Аллах Тааланын коргоосу астында бапестелип, мыкты адеп-ахлак, көркөм жүрүм-турум менен тарбияланып жатты. Аны өз карамагына алган абасы Абу Талибге жардамчы болуп, эмгекчил мүнөз менен чоңойду.
Пайгамбарыбыз (САВ) өзү жашаган коомдун караңгылыкка, күнөөгө батып калганына карабастан, ар кандай бутпарастык, алдамчылык, бузукулук жана адашкандык сыяктуу бардык ыпылас, кир нерселерден, алардын кыпынчалык учкунунан да алыс болду.
Ал (САВ) буттардан аябай жийиркенчү. Өмүрүндө бир жолу да аларга урмат көрсөткөн эмес. Буга бир окуя далил.
Ошол доордо курайш мушриктеринин бир адаты бар эле. Жыл сайын белгилүү бир күндөрдө Бувана аттуу буттун алдында чогулушуп, чачтарын алдырып, курбандык чалышып, чоң жөрөлгө өткөрүшчү.
Күндөрдүн биринде бардыгы ошол жөрөлгөгө даярданышат. Абу Талиб да эл катары үй-бүлөсүн чогултуп, бул чоң жөрөлгөгө катышууга камданат. Пайгамбарыбыздын да даярдануусун айтса, ааламдардын мырзасы “Үзүрүм бар” деп катышуудан баш тартат. Анын мындай жоругуна Абу Талиб менен эжелери аябай таң калышат. Атүгүл, ачуулары келе түшөт. Эки-үч жолу айтып, көндүрүүгө аракет кылышканы менен пайгамбарыбыз (САВ) макул болбой коет. “Ушинтип кудайларыбыздан баш тарткандыгың үчүн башыңа бир балээ келүүсүнөн коркуп жатабыз” деп, кысымга да ала башташат. Айласы кеткен сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ) Абу Талиб менен эжелеринин көңүлдөрү үчүн гана ал жакка барууга аргасыз болот. Бирок буттун айланасына чогулган элдин алдына жетери менен нур жүздүү пайгамбарыбыздын (САВ) көздөн кайым болгону байкалат. Бир аз убакыт өткөндөн кийин пайгамбарыбыз (САВ) пайда болуп чыга келгенде, аны аябай аянычтуу, оор абалда көрүшөт, өңү купкуу болуп, бир нерседен коркконун билишет.
Дароо айланасына чогулган күйпөлөктөшкөн Абу Талиб жана эжелери андан: “Сага эмне болду? Каякка бардың?” деп сурашат. Пайгамбарыбыз (САВ): Мага бир жаман нерсе болуусунан корктум. Мен бул бутка жакындаганымда ал жерде бою узун, ак кийимчен бир зат пайда болду да, мага: “Эй, Мухаммад, ары тур! Эсиңде болсун, бул буттарга колуңду тийгизе көрбө!” деп бакырды”, - дейт. Ушул окуядан кийин Расулуллах (САВ) эч качан буттарга жакындаган жок жана алардын бир да жөрөлгөлөрүнө катышкан эмес.
Кудурети күчтүү Аллах Таала Өзүнүн эң акыркы пайгамбарын бапестеп өстүрүп, аны ар кандай жаман көрүнүштөрдөн оолак кармап, жаштайынан эле чоң милдетке даярдап жаткан.
Расулуллах (САВ) өзү да: “Мени Раббим тарбиялады, кандай гана сонун тарбиялады”,- деген сөздөрү менен бул чындыкка ишарат кылган.
Бул акыйкатты батыштын ынсаптуу чыгыш таануучулары да четке кага алган эмес. Сэр В.Муир деген жазуучу өзүнүн китебинде: “Мухаммед (САВ) пайгамбар жөнүндө жазган чыгармаларыбыздын бардыгы бир маселеде биригет. Ал да - анын адеп ахлагынын тазалыгы жана жогорулугу”,- деп баса белгилеген.
Ааламдардын мырзасы, сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) жаштайынан эле коомдук иштерге активдүү катышууга аракет кылып, ар кандай зулумдукту, туура эмес көрүнүштү токтотууга да өз салымын кошкон.
Алсак, ошол доордо араптарда уруулар ортосунда кылмыштуулук, кандуу согуш, уурулук жана баш аламандыктар биринин артынан бири уланып турчу. Ал согуштар өтө жөнөкөй себептен эле чыгып, андан ары ырбай берген.
Маселен, көптөгөн зулумдуктарды алып келген 4 жолу “Фижар” деп аталган согуш болгон.
Сабыр кесесин толтурган бир окуядан соң бул кейиштүү абалды жөнгө салуу, элдерди тынчтандыруу кадамын Пайгамбарбыздын (САВ) атасынын бир тууганы Зубайр алгачкылардан болуп таштаган.
Натыйжада Меккенин уруу башчылары, абройлуу адамдар чогулушуп, зулумга дуушар болгондорго кош көңүл карабоо, алардын акысын кайтаруу, колдоо көрсөтүү боюнча жоболор кабыл алынып, бири-бири менен антташат.
Мына ушундай иш-чараларда Пайгамбарыбыз (САВ) да четте карап турбай, жыйырма жаш курагына карабастан абалары менен чогуу бул жыйынга катышып, өзүнүн добушун оң чечимдерге колдонгон. Зулум көргөндөргө жардамга чуркап, мына ушул багыттагы аракеттерге көмөкчү болгон.
Ааламдардын мырзасына пайгамбарлык милдети берилгенден кийин да жогорудагы жыйындарга катышуудан ал ыраазы болгонун айткан. “Жакшылыкка үндөгөн жыйындарга катышуу миңдеген кызыл төөлөргө ээ болуудан да сүйкүмдүү. Мени ушундай жыйынга азыр ислам доорунда да чакырышса бармакмын”,- деген.
Мээрим пайгамбарынын бул сөзү биздин замандагы бардык мусулмандар үчүн да эреже экенин унутпайлы: “Зулум менен адашуучулуктун түрлөрүнө аталышы менен формасы кандай гана болбосун, токтотууга аракет жасаган топторго, жамааттарга жардам берүү”.

Пікірлер: 138
@user-gs2kz2yo8p
@user-gs2kz2yo8p 4 жыл бұрын
Менин ютуб дагы эн жаккан биринчи орунда турган каналым "Бейиш нуру" сиздерге Аллах ыраазы болсун!
@qaytardunyobu1391
@qaytardunyobu1391 4 жыл бұрын
Ассалому алайкум Откуда взялась рыба в изолированных водоёмах? Научно обоснованного ответа нет Как рыбы попадают в изолированные водоёмы, куда невозможно просто приплыть? На протяжении веков исследователи предполагали, что рыба в виде икринок переносится водоплавающими птицами. Однако систематический обзор литературы, который провели исследователи университета Базеля, показал, что никаких доказательств у этой популярной версии на сегодняшний день нет, . Ответ !> Судьба Аллаха если бы не затопить мир, то рыбы в🐠🐟🐡 маленьких озерах не было бы сейчас 👍 вы можете сделать ролик про это пророк нух а, с , масалан иссик колго кайдан келди
@PATRIOTKGZPatriotkgz
@PATRIOTKGZPatriotkgz 4 жыл бұрын
Насаат медиячы?)))
@user-yl6je7hw3r
@user-yl6je7hw3r 2 жыл бұрын
🤲🤲🤲
@user-ce5of9rx3p
@user-ce5of9rx3p 4 жыл бұрын
Мен Пайгамбарыбызды Суйом мен уммоту экениме суйуном Аллаху Акбар. Саллаху алейхи ва салом 😢😢😢. Биз элдер бири бирибизди жемелегенин корсом журогум ыйлайт кандай уллут болбосун козумо коп жолу жаш алдым суранам бири бирибизди жемейлебейличи😥😥😥
@user-wi2pl1jq4q
@user-wi2pl1jq4q 4 жыл бұрын
Дагыда кутубуз пайгамбарыбыз С В А дын кызыктуу окуяларынан
@manual_DIY
@manual_DIY 4 жыл бұрын
Пайгамбарыбыз с.а.в бизди сагынып ыйлагандай бизда Пайгамбарыбыз с.а.в сагынып ыйласак гана😢😢😢
@adileturaiymkulov8931
@adileturaiymkulov8931 4 жыл бұрын
Йа Расулаллах үммөтүнүз сизди сагынды, абалыбызды көрдүнүзбү, сизге канчалык муктаж экенибизди билдиниз бекен. Бейиште сиз менен чогуу болууну Аллахым жалпы мусулмандарга насип кылсын.... Амиинь
@iskhakmamasaliev6973
@iskhakmamasaliev6973 4 жыл бұрын
Оомин🤲🤲🤲
@user-yf7ll1ec6u
@user-yf7ll1ec6u 4 жыл бұрын
Ааминь🤲
@kbklife3972
@kbklife3972 4 жыл бұрын
Аамин🤲😥
@user-mw3km5fz8j
@user-mw3km5fz8j 4 жыл бұрын
Амиийн
@user-sh1fn8mv9t
@user-sh1fn8mv9t 4 жыл бұрын
Омийин
@user-co8nd7gz8j
@user-co8nd7gz8j 4 жыл бұрын
Аллоху Акбар. Пайгамбарыбыз кандай гана кулк мунозго ее болгон. Ошондой кулк муноздон бизге да насип етсин амиин.
@user-mb6iv6qs2p
@user-mb6iv6qs2p 4 жыл бұрын
Кандай гана кооз сонун баян пайгамбарыбызга Алланын саламдары болсун саллалоху алехи ва салям
@muhammad_arabic
@muhammad_arabic 4 жыл бұрын
*Йаа Пайгамбарыбыз биз сизге татыктуу уммот болбогонубуз учун кечириниз* 😭😭😭😭
@user-gl4ms5ek4o
@user-gl4ms5ek4o 4 жыл бұрын
Салават айтабыз пайгамбарызга
@user-qn8hg2yp7n
@user-qn8hg2yp7n 4 жыл бұрын
Аллах Тааланын пендеси жана элчиси биздин суйуктуу пайгамбарыбыз Мухаммед САВ салам салаваттар болсун. Бейиште озун менен бирге болууну насип этсин Аллахым🤲🏻🤲🏻🤲🏻
@argenmyrzaev9721
@argenmyrzaev9721 4 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун, күнүгө Пайгамбарыбыз с,а,в жөнүндө айтып тургулачы.
@ermekomurbekov8523
@ermekomurbekov8523 4 жыл бұрын
Бейиш нуруу 🙏чыныгы туура создор 🥺🥺🥺
@user-lp8qy4by1k
@user-lp8qy4by1k 4 жыл бұрын
"Бериш Нуру" сиздерге Аллах ыраазы болсун!
@user-gl4ms5ek4o
@user-gl4ms5ek4o 4 жыл бұрын
Орозонор кабыл болсун биртуугандарым Алла кабыл кылсын
@user-ru2vn5ez1y
@user-ru2vn5ez1y 4 жыл бұрын
Амиин
@user-ml9qk4ih6c
@user-ml9qk4ih6c 4 жыл бұрын
Аллах
@user-dh2mk9fz8r
@user-dh2mk9fz8r 4 жыл бұрын
Ааамин... сиздерди да орозоңуздар кабыл болсун
@richardtolyan5064
@richardtolyan5064 4 жыл бұрын
Ассаллому Аллейкум пайгамбарыбыз САВ жөнүндө көбүрөөк видео киргизиниздерчи Аллах раазы болсун сиздин жамааттарга
@user-ul9gz2nj4j
@user-ul9gz2nj4j 4 жыл бұрын
Аллахым шапаатыңызды насип кылсын 🤲.
@user-dq9wj8ju1r
@user-dq9wj8ju1r 4 жыл бұрын
САЛЛАЛЛОХУ АЛАЙХИ УА САЛЛАМ ЙА РОСУЛАЛЛАХ АЛЛАХУММА СОЛЛИ АЬЛА МУХАММАД
@kgkg9936
@kgkg9936 4 жыл бұрын
Аллахым пайгамбарыбыздын шафаатын насип кылакор,баарыбызга!!!
@werdosiev5021
@werdosiev5021 4 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун!!! БЕЙИШ НУРУ сиздерге чоон ырахмат
@user-fm2rh8fb3e
@user-fm2rh8fb3e 4 жыл бұрын
Пайгамбарыбызга салам салаваттар болсун! САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ ВА САЛЛАМ!!!
@user-mb6iv6qs2p
@user-mb6iv6qs2p 4 жыл бұрын
Бейиш нуру Аллах ыраазы болсун омурунузго береке мусулман бир тууганым
@kaifari_kstamb_ak_9622
@kaifari_kstamb_ak_9622 4 жыл бұрын
❤❤❤
@user-fn8cc8xj5w
@user-fn8cc8xj5w 4 жыл бұрын
Мен сүйгөн Бейиш Нуру каналы.
@user-ux4gz6gh7r
@user-ux4gz6gh7r 4 жыл бұрын
Салляллоху алейхи ва саллям!
@ulanjumashov4419
@ulanjumashov4419 4 жыл бұрын
Аллах ыразы болсун!
@user-nf3fk4hn1f
@user-nf3fk4hn1f 4 жыл бұрын
АЛЛАХ ыраазы болсун!!! Омурунордон береке тапкыла ылайым,Бейиш нурунун кыматкерлери.
@AssalomuAleikum-uw6pp
@AssalomuAleikum-uw6pp 4 жыл бұрын
МАА ШАА АЛЛАХ 🤗
@chika.9152
@chika.9152 4 жыл бұрын
Ассалааму алейкум Момун мусулман бир туугандар кармаган ОРОЗОБУЗДУ АЛЛАХЫМ өзү кабыл кылган болсун ООМИЙН. БЕЙИШ НУРУ СИЛЕРГЕ АЛЛАХЫМ ӨЗҮ ЫРААЗЫ БОЛСУН. ИШИҢЕРГЕ ИЙГИЛИК.ПАЙГАМБАРЫБЫЗ С. А. В. ЖӨНҮНДӨ КӨПТӨГӨН МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРҮҮҢӨРДҮ СУРАНЫП КЕТЕМ.
@user-kx1jf4id8w
@user-kx1jf4id8w 4 жыл бұрын
Чон ыраазычылык ушул каналдын жааматына, унунуз абдан уккулукту. Дегеле бул жашоо убактылуу экенин сезгенден кийин акыретти коп ойлонуп калат экенсин. Жакынынды жоготкондон кийин жашоонун манызы токтоп калгандай. Аллахым баарыбызды Бейиштин гул бакчаларынан орун берсин. Бардык мусульмандарды Аллахым озу колдоп журсун. Аминь
@user-cp9ef3wi6c
@user-cp9ef3wi6c 4 жыл бұрын
Асалату васаламу алейка я Расулуллах
@user-nb2kq3bd1u
@user-nb2kq3bd1u 4 жыл бұрын
Ассаллому алейкум бир туугандарым
@mirlanmyrataliev7682
@mirlanmyrataliev7682 4 жыл бұрын
Валейкум Салам варахматулохи ва баракату
@muslima1543
@muslima1543 3 ай бұрын
Рахмат Аллах ыраазы болсун сиздердег😢😢😢
@user-ff8vl4it5h
@user-ff8vl4it5h 3 жыл бұрын
Соллоллоху алейхи вассалам .
@user-pm6si8hp7f
@user-pm6si8hp7f 4 жыл бұрын
Абдан кооз голос м.н байандайсын АЛЛАХ ыраазы болсун
@ulanakchalov8897
@ulanakchalov8897 4 жыл бұрын
(ﷺ)
@anarasanova1753
@anarasanova1753 4 жыл бұрын
Бейиш нуру, АЛЛАХ разы болсун. Орозонор кабыл болсун, Маш Аллах.
@rinattolonov8502
@rinattolonov8502 4 жыл бұрын
Кармаган орозонуздар кабыл болсун Бир туугандарым...!🤲🏿☝🏿✊🏿💪🏿🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@user-ej7rd1ve2b
@user-ej7rd1ve2b 4 жыл бұрын
Ээ Аллахтын элчиси сизди биз сагындык 😥 сонун сабак👍
@user-kt5tq6qt2h
@user-kt5tq6qt2h 4 жыл бұрын
Аллахыма чексиз мактоолор шугурлор болсун. Бейиш нуру жааматы силерге Аллах ыраазы болсун, ишинерге ийгилик оомиин
@tororahatov5827
@tororahatov5827 4 жыл бұрын
Силерден суйуктуу пайгамбарыбыздын омур баяны тууралуу дагы коптогон видеолорду кутобуз Аллах ыраазы болсун
@user-lb3cm8rh2h
@user-lb3cm8rh2h 4 жыл бұрын
Аллохумма солли аала саийидина Мухаммад
@molodej3541
@molodej3541 3 жыл бұрын
Аллоху акбар
@hairotull2424
@hairotull2424 3 жыл бұрын
Отто сонун айтылган уккан сайын уккун келет маа шаа Аллах
@daniarbaipulatov2255
@daniarbaipulatov2255 3 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун Инша Аллах
@user-qx3yg8xn3q
@user-qx3yg8xn3q 4 жыл бұрын
👍👍👍👍
@user-mo3ud6dw6z
@user-mo3ud6dw6z 4 жыл бұрын
Оо пайгамбарыбыз саллалоху алейхи ва салам сизди сагындым. Бул азыркы кундон канчалык чарчадым 😑😑
@nurgazyabibillaev115
@nurgazyabibillaev115 4 жыл бұрын
АЛЛАХ ыраазы болсун.
@user-be2fc5pm8w
@user-be2fc5pm8w 4 жыл бұрын
Унунузго Кудай береке берсин аминь.
@abumuhammad6008
@abumuhammad6008 4 жыл бұрын
Йа Расул Аллах! Алейхи салям сагындык сизди😰😰😰
@user-qq1vc1yp3q
@user-qq1vc1yp3q 3 жыл бұрын
АЛЛАХ раазы болсун ушу роликти коруп жаткан менин мусулман бир туугандарым
@rusiktoke5235
@rusiktoke5235 4 жыл бұрын
Саллалоху алайхи васалам
@user-qu5cd1om8o
@user-qu5cd1om8o 3 жыл бұрын
Аллах разы болсун сиздерден жана барыбыздан дагы кутобуз ушундайвидео
@user-jw1yu5dz7e
@user-jw1yu5dz7e 4 жыл бұрын
АЛЛОХУ Акбар
@user-iz9xv2zm1z
@user-iz9xv2zm1z 4 жыл бұрын
Кандай гана сонун уккум еле келет
@user-yi1hs2tc9o
@user-yi1hs2tc9o 4 жыл бұрын
Жараткан ыраазы болсун сиздерге
@tynchtykpasanov9666
@tynchtykpasanov9666 2 жыл бұрын
Ма шаа Аллах
@user-iw8tc5pi1k
@user-iw8tc5pi1k 4 жыл бұрын
😍😍😍
@user-vx7oo3sm6w
@user-vx7oo3sm6w 4 жыл бұрын
Мынча сонун
@user-wk9bd4yt5j
@user-wk9bd4yt5j 4 жыл бұрын
Аллах таалам бекем ыйман берсин
@user-yn5nd7ed6r
@user-yn5nd7ed6r 4 жыл бұрын
Ассалааму алейкум ва рохматуллоохи ва барокатуху урматтуу мусулман бир тууганым Аллахым ыраазы болсун баарыбыздан эки дүйнөнүн бактылуулугун берсин *Орозоңуздар* кабыл болсун
@user-xl8gz2lv8t
@user-xl8gz2lv8t 4 жыл бұрын
Амин
@aiyrma
@aiyrma 4 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун!менин пландарымды менден алдын ишке ашырып жатасыздар!биринчиси болгум келген эле!
@talant_anarbaev
@talant_anarbaev 4 жыл бұрын
"Бейш Нуру "Исламда музука арам дейт !арам экенин билип,сезип ырдабай да койдум,музыкасыз даават м-н күлкү тартуулайм деп 4 жылдан бери концерт койбойм деп өзүмө сөз бергем. ШАРИЯТТА ДОБУЛБАС КАНА МҮМКҮН ДЕП УКГАМ...силерди сыйлап угам музыеасыз добулбасты акырын коюп койсоңор болобу...жакшы ниетте жаздым! Аллах ыраазы болсун жамаатыңардан...
@user-xy1mg6xk5h
@user-xy1mg6xk5h Жыл бұрын
Оо Аллахым Мен ото начар Адамын.
@PATRIOTKGZPatriotkgz
@PATRIOTKGZPatriotkgz 4 жыл бұрын
Ырсалинур китебинен болок китептерди да кошот жкенсиз ж😊☺ админ Алла раазы болсун
@user-rn8jb9zs5x
@user-rn8jb9zs5x 4 жыл бұрын
Аллаху Акбар
@askar9798
@askar9798 4 жыл бұрын
Музыка сын мурункусу жакшыраак болмок екен
@user-wi1lu5uz9x
@user-wi1lu5uz9x 4 жыл бұрын
Аллохумма солли я Алла Сейи динна Мухаммад
@user-hd4sk7mx7u
@user-hd4sk7mx7u 2 жыл бұрын
Маша Аллах
@g-starkarataev112
@g-starkarataev112 4 жыл бұрын
Мухаммед салалаху васалам
@user-ie9dr7uw2t
@user-ie9dr7uw2t 4 жыл бұрын
Элчилердин мөөрү Мухаммед Пайгамбар(с.а.в)дан Аллахым ыраазы болсун Пайгамбарыбыз (с.а.в)кулк мүнөөзүндөй кулк мүнөөз бере көр Пайгамбарыбыз(с.а.в)дын шафаатына татыктуу пенделерден кылсын барыбызды ...Әмин
@user-ls9fd6pt9m
@user-ls9fd6pt9m 4 жыл бұрын
Ассаламу алейкум Бейиш Нуру( Ата-эне) жөнүндөда чыгарыныздарчы, рахмат
@SamsungSamsung-mz2jf
@SamsungSamsung-mz2jf 4 жыл бұрын
Бейиш нуру каналы сиздерден сураныч Имам Сарахсинин омур баяаны жонундо айтып берсенер жакшы болот эле
@user-od3ef4we4c
@user-od3ef4we4c 4 жыл бұрын
Ушул дис лайк баскандар теңирчилер же динин саткандар деп ойлойм.
@adilkarabaev4737
@adilkarabaev4737 Жыл бұрын
САВ
@mentor_motiv
@mentor_motiv 4 жыл бұрын
Бейиш нуру алдыга карап онугуп осо бергиле Пайгамбарыбыз с.а.в дын татыкттуу уммоту болуп жашап отолу
@user-ro3tk9uo7v
@user-ro3tk9uo7v 4 жыл бұрын
Ассолому алейкум Бейиш нуру каналы на, жана баардык Мусулман бир туугандарга туткан орозобузду Аллаахым кабыл кылсын🤲
@madnenur3123
@madnenur3123 3 жыл бұрын
Музыка жүрөктөгү ыйманды азайтат
@PolotbekLive
@PolotbekLive 4 жыл бұрын
1 көрдүм
@user-io2vk4hi3n
@user-io2vk4hi3n 4 жыл бұрын
Бололек элек кантип көрдүң
@user-sh3xn5cx9m
@user-sh3xn5cx9m 4 жыл бұрын
Музыкасын алып салыныздарчы
@qaytardunyobu1391
@qaytardunyobu1391 4 жыл бұрын
Кўрмасдан класс босдим биламан сизлар ёмон видео чиқормейсизлар
@qaytardunyobu1391
@qaytardunyobu1391 4 жыл бұрын
Ассалому алайкум Откуда взялась рыба в изолированных водоёмах? Научно обоснованного ответа нет Как рыбы попадают в изолированные водоёмы, куда невозможно просто приплыть? На протяжении веков исследователи предполагали, что рыба в виде икринок переносится водоплавающими птицами. Однако систематический обзор литературы, который провели исследователи университета Базеля, показал, что никаких доказательств у этой популярной версии на сегодняшний день нет, . Ответ !> Судьба Аллаха если бы не затопить мир, то рыбы в🐠🐟🐡 маленьких озерах не было бы сейчас 👍 вы можете сделать ролик про это пророк нух а, с
@madnenur3123
@madnenur3123 3 жыл бұрын
Ассаламу Алайкум музыка койбой эле койуңузчу
@user-lx2vi1ol4k
@user-lx2vi1ol4k 4 жыл бұрын
Эээ АЛЛА бизди Пайгамбарыбызга татыктуу уммот кыла коргун
@iskhakmamasaliev6973
@iskhakmamasaliev6973 4 жыл бұрын
Оомин🤲🤲🤲 Аллах талам насип кылсын
@user-st9xz6cc3v
@user-st9xz6cc3v 4 жыл бұрын
Китептин автору ким экен?
@user-we5rh3pc4b
@user-we5rh3pc4b 4 жыл бұрын
9 жинди көрүп атам.
@blacklove4049
@blacklove4049 4 жыл бұрын
Жалалиддин Румий жана ахлы Тарыкат тууралу ролик даярданызчы сураныч
@user-kl9to7ej8u
@user-kl9to7ej8u 4 жыл бұрын
Оо Аллахым карантин бутуп мурдагы Жашообузга кайталык орозонуздар кабыл болсун баарыбызга Ыйман берсин
@user-ie6ok4pb3i
@user-ie6ok4pb3i 4 жыл бұрын
Машаллах
@user-ry3op5uh4p
@user-ry3op5uh4p 4 жыл бұрын
😢😢😢👍👍👍
@maratcaliev1519
@maratcaliev1519 4 жыл бұрын
Музыканы гынылдатып коюп алба
@user-lz4bk1lo8g
@user-lz4bk1lo8g 4 жыл бұрын
Админ, канча акча табасыз?
@user-qq4yo6lw8f
@user-qq4yo6lw8f 4 жыл бұрын
"Бейиш Нуру" каналы эч кандай акча таппайт, акча түшө турган монетизация деп аталган функциясын атайын күгүзгөн эмеспиз. Тескерисинче чыгымы бар. Ниетибиз Аллахтын ыраазычылыгы, башка материалдык кызыкчылык жок!
@dindin5706
@dindin5706 4 жыл бұрын
Кыргызстан дагы буттарга толуп кеттиго
@user-fw2vk6ro9s
@user-fw2vk6ro9s 2 жыл бұрын
Силер көрүп койдунарбы көрбөгөндөн кийин суйлобогулө
@zalkarjoldoshbekov4448
@zalkarjoldoshbekov4448 4 жыл бұрын
Терек-Сай салам орозо кабыл болсун.
@user-uk2xu2zs5r
@user-uk2xu2zs5r 4 жыл бұрын
Аллах ыраазы болсум админ
@qaytardunyobu1391
@qaytardunyobu1391 4 жыл бұрын
Ассалому алайкум Откуда взялась рыба в изолированных водоёмах? Научно обоснованного ответа нет Как рыбы попадают в изолированные водоёмы, куда невозможно просто приплыть? На протяжении веков исследователи предполагали, что рыба в виде икринок переносится водоплавающими птицами. Однако систематический обзор литературы, который провели исследователи университета Базеля, показал, что никаких доказательств у этой популярной версии на сегодняшний день нет, . Ответ !> Судьба Аллаха если бы не затопить мир, то рыбы в🐠🐟🐡 маленьких озерах не было бы сейчас 👍 вы можете сделать ролик про это пророк нух а, с
@abdykalykuuluabdurahman5786
@abdykalykuuluabdurahman5786 4 жыл бұрын
Ассаламу Алейкум кандайсыз орозонуз кабыл болсун Абдулкадир Гейлани тууралу чышара аласбы алдын ала рахмат.
@user-qq4yo6lw8f
@user-qq4yo6lw8f 4 жыл бұрын
Иншаллах
@abdykalykuuluabdurahman5786
@abdykalykuuluabdurahman5786 4 жыл бұрын
@@user-qq4yo6lw8f Чыдамсыздык менен кутом
@user-nu7jt7it5q
@user-nu7jt7it5q 4 жыл бұрын
Бул дуйного сиздей башчы керек болтат бизге азыркы учурда Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.
@user-mx7bv8in6z
@user-mx7bv8in6z 4 жыл бұрын
⁦👍🏻⁩⁦👍🏻⁩⁦❤️⁩👍😭
@user-xh4xi2fm6d
@user-xh4xi2fm6d 4 жыл бұрын
Жакшы абдан копо чыгарсанар ушндай видов лорду
@user-dd6od6uv5y
@user-dd6od6uv5y 4 жыл бұрын
Саллалооху алейки вассалам
Кыйын доордун аалымы АБУ ХАНИФА!
14:46
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 233 М.
Шейиттер төрөсү - Аз.Хамза
23:00
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 78 М.
Which one is the best? #katebrush #shorts
00:12
Kate Brush
Рет қаралды 18 МЛН
I Need Your Help..
00:33
Stokes Twins
Рет қаралды 177 МЛН
The delivery rescued them
00:52
Mamasoboliha
Рет қаралды 10 МЛН
Аракеч олуя болду...
8:12
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 85 М.
Аллах жазалаган коом!
10:12
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 105 М.
Имам Матуридий (р.х) нин өмүр баяны. Экинчи бөлүк
14:27
Матуридий илим борбору
Рет қаралды 3,5 М.
ПАЙГАМБАРЫБЫЗ САВ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП АЯЛ АЛДЫ?
6:52
Имам Зайналабидиндин аянычтуу жашоосу.
26:04
Which one is the best? #katebrush #shorts
00:12
Kate Brush
Рет қаралды 18 МЛН