Рет қаралды 802,698
2017-жылы Нарынга Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздар көчүп келген. Айрымдары Кыргызстанга көнө албай кайрадан Памирди көздөй кеткен. Боордошторубуз өз мекенинен орун алып, келечек ээлери билим менен суугарылып жатканы сүйүндүрбөй койбойт. Биздин чыгармачыл топ алардын дагы бир жакшылык күнүнө күбө болуп келди. Тактап айтканда Кыргызстандын аймагында биринчи жолу Памирдин салты менен той болуп өттү.