Рет қаралды 14,528
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-майда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду, Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Беларус президенти Александр Лукашенкону Нурсултан Назарбаев ордени менен сыйлады.
Аларга бул орден «Евразия экономикалык интеграция идеясынын 25 жылдыгына, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына байланыштуу жана Казакстан менен алаканы тереңдетүүгө кошкон салымы үчүн» ыйгарылды.