Рет қаралды 64,338
Буга чейин интернет желесинде алты баланын апасы Жазайым Мадалбекова жолдошу Болсунбек Баатырбеков өпкө оорусунан жабыркаганын, операция учун 100миң доллар чогултуу керек экендигин айтып коомчулуктан жардам сурап кайрылган. Болсунбектин аянычтуу тагдырына коомчулук кайдыгер карабай банктык эсепке бир топ акча чогулуптур. Тилекке каршы Болсунбек 15-сентябрда акка моюн сунган. Макркум каза болгондон кийин “Кайрымдуу бол” фондунун жетекчиси Азамат Байматов кайрымдуулуктан арткан акчанын жарымын кайтарып берүүнү
талап кылганын айтат жубайы. Биз эки тараптын тен жүйөөсүн уктук.