Рет қаралды 66,062
Скачать/слушать: band.link/kmcL3
_____________________________________
Слова, музыка: Чынгыз Алиев
Аранжировка: Эрнест Жоошев
Директор: Венера Ким
_____________________________________
Көз ирмемдер артта калган
Көгөрүп дайым ачык асман
Күлкү шаңдын мезгили
Өткөн күндөр эстеби
Ата энеден өрнөк алганың
Аруу сезим, жаңы кадамың
Жаркын ойлор мезгили
Ошол таттуу күндөр эстеби
Бул бакыт убактылуу, аны кубалап жетпедим, жетпедим, э-ей
Бул менин балалыгым бал курак
Баары көркөм, баалуу убак
Жомок түрдүү жылдар өттү
Бойго жетип боз куунак
Жаштык келди жанды, жалбырактай учту кетти балалык, э-еей
Үн созуп - ла ла ла лээй
Арнадым ырларымды, эй
Сары ат минип сан-сан жылдыз
Арасына бардыңбы, эй
Кыялымда калдың, сагынычка салдың
Алда балалык, э-еей
Күнү-түнү таттуу сезим
Күлүк аттай бала кезим
Досторума бай убак, баарына кенжетай убак
Ата-энеме дале баламын
Бирок билем артта калганын -
Оюн бүттү болбоду, ойго ойлор орноду
Бул эми башка кез, алдыга ашкан тез, э э э-ей
Ал менин балалыгым бал курак
Баары көркөм, баалуу убак
Жомок түрдүү жылдар өттү
Бойго жетип боз куунак
Жаштык келди жанды, жалбырактай учту кетти балалык, э-еей
Үн созуп - ла ла ла лээй
Арнадым ырларымды, эй
Сары ат минип сан-сан жылдыз
Арасына бардыңбы, эй
Кыялымда калдың, сагынычка салдың
Алда балалык, э-еей
#Tamga #Балалык