Рет қаралды 14,673
1951-жылы Франция, Италия, Батыш Германия, Белгия, Люксембург, Нидерланды өлкөлөрү көмүр жана болот өндүрүү жаатында биримдик курушат. Кийин убакыттын өтүшү менен бул биримдиктин мүмкүнчүлүгү чоңоюп олтуруп, 42 жылдан сыкийин 1993-жылы Евро биримдикти курушту. 1999-жылы болсо евро акча бирдигин кабыл кылышты. Чек араларды жокко чыгарышты. Жалпы 27 өлкө болуп, калкынын саны 445 миллион. Б.а. эгер Евро биримдике мүчө болгон өлкөлөрдүн бирөөсүнө кол салган өлкө 445 млн калкы бар, 18,8 триллион долларлык казына бар 27 өлкөгө согуш ачкан болот.
А бизде кандай болу? Ачыгын айтканда 90-жылдарга чейин Түрк тилдүү элдердин биримдиги тууралуу сөз болуш мындай турсун, атүгүл Түркиядан башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн эгемендиги жок болчу. Совет режими жаңы курулган маалда “Алаш ордо”, “Туран” аттуу кыймылдардын максаты түрк тилдүү элдердин башын бириктирүү болуп саналган. 1926-жылы Бакуда 1-түргология курултайы өтүп, кийин курултайга катышкан илимпоздордун дээрлик баары өлтүрүлдү. 37-жылдагы Сталиндик репрессияга кабылгандардын арасында да дал ушундай мүдөөнү кармангандар шейит кетишкен. Андан кийин болсо тил үчүн, улуттук иденттүүлүк үчүн аракет кылгандар өлүмгө дуушар болбосо да көп жылдар бою түрмөлөргө камалышкан. 50-60-70-жылдары болсо бул мүдөө үчүн өлкөнү өнүктүрө баштагандардын мүмкүнчүлүктөрү дароо чектелип, өз өлкөсүнөн алыстатылган. Мисалга алсак Исхак Раззаков, Болот Мамбетовдор. 80-жылдардын аягында гана тил эркиндиги, көмүскөдө калган чыгаан инсандардын эркин изилдениши, дин тутуу эркиндиги деген сыяктуу артыкчылыктар таанылып, 90-жылдардын башында советтик режим кулап, Түркестан өлкөлөрү биротоло эркиндике чыкты. Жыйынтыгында Кыргызстан, Өзбекистан, Казахстан, Түркменистан жана Азербайжан эркин өлкө боло алды.