Рет қаралды 7,802
Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн Көк-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, майор Тимур Абдисатар уулу социалдык тармактар аркылуу өлкө жетекчилигине кайрылуу жасады. Кайрылууда Ноокат РИИБдин жетекчиси куугунтуктап жатканын айткан.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз ккызматы Turmush басылмасына бул дооматтар боюнча ички иликтөө иштери башталганын, андан сырткары Ноокат райондук прокуратурасы да иликтөө иштерин баштаганын билдирди.