Миңдеген кишини мусулман кылган окуя!

  Рет қаралды 164,245

БЕЙИШ НУРУ

БЕЙИШ НУРУ

Күн бұрын

1984-жыл. Америка. Дзюдо боюнча дүйнөлүк олимпиада болуп аткан. Финалга эки киши чыкмак. Биринчиси египеддик мусулман Мухаммад Али Ришван. А.э. экинчи киши япониялык Яшухиро Ямашито. Мурунку кармаш учурунда Ямашитонун оң бутунун булчуңдары олуттуу жаракат алган эле. бул анын басканынан эле байкалып турду. Ямашито килемге аксап басып чыкты. Көрүүчүлөр болсо жеңиш Мухаммад Али тарапта болооруна толук ишенип турушту. Айыгышкан кармаш башталды. Мухаммад Алинин машыктыруучусу тынбастан “Оң бутунан чал! Оң бутунан чал!”-деп кыйкырып жатты. Стоп! Мусулман Мухаммад Али кандай кылды деп ойлойсуз. Же болбосо сиз ошол Мухаммад Алинин ордунда болсоңуз эмне кылмаксыз. Элестетип көрүңүз, Дүйнөлүк чемпионатта чыгып жатсаңыз. Айыгышкан кармаш уланып жатты. Мухаммад Али машыктыруучусун, анан напсин угуп Ямашитонун оң бутуна бир эле тийип койсо Ямашито кулап калмак, натыйжада дүйнөнүн чемпиону болмок. Бирок Мухаммад Али андай кылган жок. Эч оң бутунан чалган жок. Жалаң гана Ямашитонун сол бутунан чапканга аракет кылып жатты. Атаандашынын майыптыгынан, алсыздыгынан пайдаланып кеткен жок! Ямашито да муну байкап турду. Мухаммад Али жалаң гана сол жактан чапканга аракет кылганы үчүн тактикалык жактан алдырып койду. Сол жактан чабам деп аткан кезде Мухаммад Али тең салмактуулугун жоготуп кулап калат. Натыйжада Ямашито Мухаммад Алини жеңип алды. Мухаммад Али дүйнөнүн чемпиону болбой калды!
Кармаштан кийин курчап турган журналисттердин таң калып сураган бир эле суроосу бар эле: “Эмне үчүн Ямашитонун оң бутунан чалган жоксуз!”-деген. Мухаммад Али болсо: “Менин диним башка бирөөлөргө зыян берүүгө тыюу салат. Ансыз деле араң турган спортчуну мен бутунан чаап салсам балким майып да болуп калмак. Медаль үчүн ага мындай мамиле кылгым келген жок!”-деп чыныгы эркектин, чыныгы мусулмандын жообун берет. Натыйжада Мухаммад Алинин мындай мамилесине баары таң калып, аны алкышташат. Ошол жылы ага “Жылдын эң адептүү спортчусу”-деген наам беришет.
Арадан көп өтпөй аны Японияга чакырышат. Аны кудум бир падышаны тосуп алгандай тосуп алып, сый мамиле көрсөтүшөт.
Окуянын кызык тарабына эми башталат. Ошол жылы миңдеген башка дин өкүлдөрү бул окуядан таасирденип Ислам динин кабыл кылышып, мусулман болушат. Мынакей. Бираз напсиге жаккан иштен алыстады, натыйжасы болсо миңдеген кишинин мусулман болушуна себеп болду.
Пайгамбарыбыз САВ: “Мен жакшы кулк-мүнөздү жайылтуу үчүн жиберилгемин”-деп айтат бир хадисинде. Дагы бир хадисинде “Дин бул-жакшы кулк-мүнөз”-деп айтат. Ооба! Бул сөздөр жашообуздун эң негизги жол башчысы боло турган сөздөр.
Рисале-и Нур тафсирдеринде болсо: “Эгер биз динибиздеги адеп ахлакты жана ыймандын акыйкаттарын жүрүш турушубуз менен көрсөтө алсак, башка диндин өкүлдөрү жамаат-жамаат болуп мусулман болушат. Атүгүл жер шарынын кээ бирки материктери, же мамлекеттери Ислам динин кабыл кылышат”-деп жазат Бедиуззаман.
Чынында тил менен айтылган насыйкатка караганда, абал менен, кыймыл аракет менен айтылган насыйкат алда канча жогору да, таасирдүү да. Эми биз азыркы күндүн мусулмандары өзүбүзгө бир суроо берип көрөлү. Муну айтып аткан мен да ушул суроону берип көрөйүн өзүмө. “Эй мен! Жүрүш турушуман, мамилемден башкалар Исламды кандай таанып атат. Элибизди кандай таанып атат. Мени көрүп “дин ушундай болсо, анда, кой кирбей эле коёлу мындай динге”-качып кетишпей элеби?” Чынында бул ар бирибизди ыйлата турган суроо. Коомдук жашоодо, жана коомдук социалдык тармактарда “баатыр”-болгонубузду бир эстейли. Эстеп эле тим болбостон оңолууга аракет кылалы!
Чыныгы баатырдык бирөөнү жыгып койгондукта эмес. Чыныгы баатыр, спортсмен бул-напсисин жеңе алган адам!

Пікірлер: 237
@КиргизияКиргизия-м1ы
@КиргизияКиргизия-м1ы 5 жыл бұрын
Эркек,экен. Чыныгы,мусульман деп ушуну айтыш керек.
@МахабатХхх
@МахабатХхх 4 жыл бұрын
Супер
@нурсултанНурсултан-п6к
@нурсултанНурсултан-п6к 5 жыл бұрын
Мындай адам болуш кыйын чындыгында чон эрк керек
@dnjdbbzndn3506
@dnjdbbzndn3506 5 жыл бұрын
нурсултан Нурсултан ова ишенип калдык
@МишаМинеев-щ8г
@МишаМинеев-щ8г 5 жыл бұрын
Кыргыз бродарлар тугандар МашаАллах кобу намазда .намаз окубаган озбекисандыкка карганда намаз окуган кыргыз жердешим мага жакынрак .салом ош шахридан.жуда тасирлий экан видео
@d_m_x2397
@d_m_x2397 5 жыл бұрын
Эшитмаган эканман бу историяни. Хакикий мусулмон экан бу биродар. Чемпионлик хеч гапмас зато тарихда унданда эсда коларлик иш килган экан. Рахмат админ омад сизга, каналингизга
@h.r.6829
@h.r.6829 5 жыл бұрын
ОЛЛОХ РОЗИ БУЛСИН ШУНДАЙ ИНСОНЛАРДАН ... ХАММА МУСУЛЬМОНЛАРНИ ИЙМОНИНИ МУСТАХКАМ КИЛСИН ЯРАТГАН ОЛЛОХ
@АдилбайМырзабаевич
@АдилбайМырзабаевич 2 жыл бұрын
Жуда тасирли сабак екен Алла разы болсын сизлерден...
@Akylbek89
@Akylbek89 5 жыл бұрын
Маашаллах, Аллахым ушундай мунозду баарыбызга насип кылсын.
@KS-wy7ht
@KS-wy7ht 5 жыл бұрын
Бізге мұсылмандарға көркем мінез жетпей тұр ғой
@МужикЕсть
@МужикЕсть 5 жыл бұрын
Аллахым баарыбызды динге кызмат кылып отчуу пенделеринен кылсын!!!ото сонун таксырым силерге Аллах раазы болсун
@toichubayabdirasulov850
@toichubayabdirasulov850 5 жыл бұрын
Өтө таасирдүү, пайдалуу сабак! Алла Таала ыраазы болсун устаз!
@mirlanjalalov3982
@mirlanjalalov3982 5 жыл бұрын
Мусулман болуп жащаганыбызга кандай гана бактылуубуз.Аллахым ишинерге ийгилик берсин.аябай сонун таасирлуу ролик экен. Козундон жаш чыгат.🙏🙏🙏👍
@shadibekabdulaev1190
@shadibekabdulaev1190 5 жыл бұрын
МАШААЛАХ
@UkmushMedia
@UkmushMedia 5 жыл бұрын
Соонун чыгарылыш болуптур.🤗👍
@муслиммуслим-э7щ
@муслиммуслим-э7щ 5 жыл бұрын
Админ сиздан аллох рози болсин кориб угуб йигладим маша аллох
@Я.Художник-о1б
@Я.Художник-о1б 5 жыл бұрын
Бейиш нуру каналына өтө ыраазымын.Ушундай соонун видеолорду чыгарат, АЛЛАХЫМ силерге ыраазы болсун Оомин 🤲..🥺
@zailanadamov7909
@zailanadamov7909 5 жыл бұрын
Ассалааму ъалейкум, Аллах ыраазы болсун бизден!Аллаху Акбар!!!
@Ыррррр
@Ыррррр 5 жыл бұрын
Машшалах Аллоху акбар ☝️🇰🇬
@almazaidarov4504
@almazaidarov4504 5 жыл бұрын
...чынында эле ото таасирдуу окуя экен👍👍👍
@ajibekovmuslim7798
@ajibekovmuslim7798 5 жыл бұрын
Ма ша Алла
@БекуланМатаев
@БекуланМатаев 5 жыл бұрын
Аллах Улук!
@ruslan8365
@ruslan8365 5 жыл бұрын
Бейиш Нуру Аллах ыразы болсун ото четко тушундуруп суйлойт.
@eldiyarsalmatov5364
@eldiyarsalmatov5364 5 жыл бұрын
Сонун соз ондой Адам болуш.магада башкаларгада Насип кылсын Аминь
@nik7436
@nik7436 4 жыл бұрын
Ас алейкум! Аллахым омурлуу кылган болсун
@abdulkarimabdulkarim5340
@abdulkarimabdulkarim5340 5 жыл бұрын
Ма ша Аллаh 👍
@БАХАДосов
@БАХАДосов 5 жыл бұрын
ALLA bergen siyliq barinen qimbati dur INSHA ALLA
@ВасилийИванов-ш8д4ч
@ВасилийИванов-ш8д4ч 5 жыл бұрын
👍👍👍👍 аябай жагымдуу ролик болуптур
@Али77-г4ь
@Али77-г4ь 5 жыл бұрын
Аллох рози булсин Зур канал экан менга екди админга хам рахмат
@alimedia_group
@alimedia_group 5 жыл бұрын
Аллахым ыраазы болсун Бейиш Нуру сизге суроом суроом унунузду кандай микрофонго жаздырасыз?
@АйбекКалиев-ц3э
@АйбекКалиев-ц3э 5 жыл бұрын
Рахмет Алла разы болсын сiзге! Кандай керемет оқиға! 😢👍👍👍.
@МадиМади-ъ3и
@МадиМади-ъ3и 8 күн бұрын
Аллахым раазы болсун сизден таасирлендим аябай😢
@subanbekalibekov5093
@subanbekalibekov5093 5 жыл бұрын
МаШаАллах
@Амина-ы7я
@Амина-ы7я 5 жыл бұрын
Ассалаумағалейкум уарахматуллохи уабаракату мен Казахстандан, жуда тасырлы окуя экэн , бул корсеткен ведио ролик менге жуда каттык тасир этти , Аллах сизден разы болсын.
@zafartelefonusta8124
@zafartelefonusta8124 5 жыл бұрын
Masha Allah razi bo‘lsin!
@АлтынайКушубакова-к1г
@АлтынайКушубакова-к1г 5 жыл бұрын
Мааша Аллах
@AbcAbc-jr7ck
@AbcAbc-jr7ck 5 жыл бұрын
Аллаху акбар! 😢😢
@ЭлдиярАкматов-к7э
@ЭлдиярАкматов-к7э 5 жыл бұрын
оо Аллах бизди кечир
@ЭкоЛюкс
@ЭкоЛюкс Жыл бұрын
Мусульман ушундай болуш керек улгу алайлы ☝🏿☝🏿☝🏿🇰🇬💪💪
@jyldyzbekkenjekulov1843
@jyldyzbekkenjekulov1843 4 жыл бұрын
Алла ыраазы болсун сизге автор Маа Шаа Алла
@БаянбекКанкожоев-о5ш
@БаянбекКанкожоев-о5ш 5 жыл бұрын
Журокко тийчу создор экен😢😢
@Мирлан-м6г
@Мирлан-м6г 5 ай бұрын
Аллах талла сизден ыразы болсун
@НурбекБургабаев
@НурбекБургабаев 5 жыл бұрын
Аллахым баарыбызга ушундай кулк мунооз берсин.
@assalamualeykummuslims4383
@assalamualeykummuslims4383 5 жыл бұрын
МашааАллах автор сизга Рахмат яхши ишни бошлабсиз Оллох рози булсин!!!
@fhfh1551
@fhfh1551 5 жыл бұрын
Алла раазы болсун сизден
@hamzasuleymanov7403
@hamzasuleymanov7403 5 жыл бұрын
Оллох рози бўлсин жуда тасирли видеоролик бўлибти
@ВолкВгорах-я4з
@ВолкВгорах-я4з 5 жыл бұрын
Автор сураныч тез тез видеолорду чыгарып туруңузчу? Аркандай пайдалуу мисалдар болгон окуялар аябай маанилүү видеолорду.
@KuvonchbekBayzaqov-g1r
@KuvonchbekBayzaqov-g1r 3 ай бұрын
СУБХААНАЛЛАХ АЛХАМДУЛИЛЛАХ АЛЛАХУ АКБАР 😢😢😢❤❤
@ДиктаторД
@ДиктаторД 4 жыл бұрын
Мухаммад мог победить. Пожалел, не всякий так поступит. Мухаммад - Герой!!!.
@jjj..55566
@jjj..55566 5 жыл бұрын
Мен бул мусулман спортчунун адамдык мамилеси учун ушунчалык ыйладым Аллах ыраазы болсун бул Араб мусулман адамдан азамат анык спортчу экен😭😭😭😍😍🤦🤦🤦🤦🙋🙋🙋
@АбдулазизАбдиваситов
@АбдулазизАбдиваситов 5 жыл бұрын
Аллаг Шугур
@fjdndjbdndjd5661
@fjdndjbdndjd5661 4 жыл бұрын
Машаллох биродарим хакикий женишке эге болуптур
@АлтынбекБекмурзаев-е7г
@АлтынбекБекмурзаев-е7г 5 жыл бұрын
Эн сонун даават.
@МайрамбекИсмаилов-д5д
@МайрамбекИсмаилов-д5д Жыл бұрын
Кайра кайра кордум машаллах!!! чемпион учун он бутун чалсак керек ото катуу тасир алдым !!!
@umutai2258
@umutai2258 Жыл бұрын
Мен да😢
@УлиХонест
@УлиХонест 5 жыл бұрын
Жетинчи
@ЭльмуратРатбек
@ЭльмуратРатбек 4 жыл бұрын
Маладес сонун игилик
@АлиАли-ш6ж
@АлиАли-ш6ж 5 жыл бұрын
Аллох рози болсин жуда чройли тасирли орнак боладигон вокея экан
@АлияНайманова-щ1е
@АлияНайманова-щ1е 5 жыл бұрын
мусулман адам ушундай кулк муноздуу болушу шарт
@fsfsgdhsj6069
@fsfsgdhsj6069 5 жыл бұрын
Эй Аллахым сен улуксун сенин динин да улук сен тазасын сенин динин да таза
@АбдулазизМулламатов-ь4ж
@АбдулазизМулламатов-ь4ж 5 жыл бұрын
ALLOHU AKBAR
@uzb3105
@uzb3105 5 жыл бұрын
Гап йук лекин Аллах рози
@БакытУсубалиев-м5н
@БакытУсубалиев-м5н 3 жыл бұрын
Аллах керемети чексиз
@kalimasydykova2609
@kalimasydykova2609 8 ай бұрын
😢😢😢😢Аллахым кечир
@saparbekbaltaev6978
@saparbekbaltaev6978 5 жыл бұрын
Аллоху Акбар
@КубатСадабеков
@КубатСадабеков 5 жыл бұрын
Эгер урууксат болсо ушу видиону инстаграммга чыгарса болобу инстаграммда олтурган адамдар да корсун
@Бакытбек-м3н
@Бакытбек-м3н 5 жыл бұрын
Маршала Иншаллах субханаллах
@инфармацибей
@инфармацибей 5 жыл бұрын
Маша аллах Мухаммадали
@МедербекаКенжеевМедербекЗарибе
@МедербекаКенжеевМедербекЗарибе 3 жыл бұрын
Жакщыга Жанаш Жамандан Адаш Дегендейле болдум Бул видео Таасирдуу
@КалысТукешов
@КалысТукешов 5 жыл бұрын
АЛЛАХ УЛУК
@МадиМади-ъ3и
@МадиМади-ъ3и 8 күн бұрын
Маша Аллах
@УниверсалАккаунт-т3й
@УниверсалАккаунт-т3й 4 жыл бұрын
Бирок чындап эле Мухаммад Али экен атына зааты жарашкан чыныгы мусульман экен
@ZhanargulSulaımanova
@ZhanargulSulaımanova 4 ай бұрын
Машаллах 😢
@БахадиржанКасымов
@БахадиржанКасымов 5 жыл бұрын
МАШАЛЛАХ
@АйдайАлиева-х3й
@АйдайАлиева-х3й 3 жыл бұрын
Машаллах ❤️
@КаримКиикши-и2ь
@КаримКиикши-и2ь 4 жыл бұрын
Аллаху Акбар
@muratumetaliev6217
@muratumetaliev6217 5 жыл бұрын
Админ пайгамбарыбызды партетин суроттоп айтып видео чыгарып бергилечи бергилечи сураныч
@meerimaskaralieva4607
@meerimaskaralieva4607 4 жыл бұрын
Man respect!!!
@БактыбекКурманбаев-л1у
@БактыбекКурманбаев-л1у 4 жыл бұрын
МашаАллах
@КанХан-э8п
@КанХан-э8п 5 жыл бұрын
Маашааллах
@kurguzalumov3415
@kurguzalumov3415 5 жыл бұрын
Биринчиии
@КантороСардарбеков
@КантороСардарбеков 5 жыл бұрын
Салам адам дамга жолуканда сен мусурмансынбы деп сурабайт адамдык касетинди байкайт ошондо сени ким екениди билет егер мусурман болуп туруп арамдык нерсе жасасан анда сен емне дейт калганын озун тап. Адам болуш керек просто. Сен кайсы динде екениндин кереги жок бул жерде.
@АбдуррахмонКурбонов
@АбдуррахмонКурбонов 5 жыл бұрын
Канторо Сардарбеков .
@erkinmatiev5883
@erkinmatiev5883 5 жыл бұрын
Эээх андай спортсмендер азыр жок даа болбойт дагы
@АлиБор-л5э
@АлиБор-л5э 5 жыл бұрын
МашАллах
@joharbekbolotov
@joharbekbolotov 5 жыл бұрын
Абдан таасир алдым. Биз азыр жаракатын сыйрышка аракет жасайбызго чиркин.
@ironkyrgyz2048
@ironkyrgyz2048 2 жыл бұрын
Дүйнөнүн чемпиону эмес, олимпиаданын чемпиону үчүн болгон күрөш,бир аз жаңылыштык болуп калды.
@ЭлизаМадалиева-ь4ь
@ЭлизаМадалиева-ь4ь 5 жыл бұрын
👍👍👍
@НурикКочкорбаев
@НурикКочкорбаев 5 жыл бұрын
АЗЫР КАРАСАНАР СПОРТ ЗАЛГА БАРЫП БИР АЙ МАШЫГЫП АЛЫП АЛЫС АДАМДАРГА КОЛ КОТОРУП УРУП ТОНОП АКЧАСЫН АЛЫП ЖУРОТ АРАМ АКЧА БИР КУНУ ТЕШИП ЧЫГАТ СПОРТ М.Н МАШЫКАН АДАМ САБЫРДУУ ИЙКЕМДУУ БОЛУУ КЕРЕК
@batyrkhan8068
@batyrkhan8068 4 жыл бұрын
Ассаляму алейкум, мусылман бауырлар! Оте асерлi бейне ролик. Бул Кыргыз тiлi ме?
@KG-os2zx
@KG-os2zx 3 жыл бұрын
Ваалейкум ассалам Ооба бул абдан таасирдүү видео ролик чындыгында Ооба бул Кыргыз тилинде
@KG-os2zx
@KG-os2zx 3 жыл бұрын
Ваалейкум ассалам Ие бұл өте есерлі ролік шынында Ие бұл Қырғыз тілінде
@ДастанКадыров-ш7ы
@ДастанКадыров-ш7ы 4 ай бұрын
😢❤
@ДастанБолуев
@ДастанБолуев 3 жыл бұрын
Альхамдулилах
@БилайнАрмада-з9ф
@БилайнАрмада-з9ф 5 жыл бұрын
سبحانالله و بحمده
@guldanatologonk9987
@guldanatologonk9987 5 жыл бұрын
😢😢☺☺
@ИндираАбдыкалыкова-е4э
@ИндираАбдыкалыкова-е4э 4 ай бұрын
☝️👍👍👍🤲🤲🤲
@alichefchefali8251
@alichefchefali8251 5 жыл бұрын
Алхамдурилла
@KamilaBekmurzaeva-r9j
@KamilaBekmurzaeva-r9j 3 жыл бұрын
Ушул мусулмандын аракети мисал болчуудай экен Тажик президент не,напсисин токтото албай, алсыз турган олкобузго чап салып,канча кан тогулду.Аллахым Оз жазасын берсин, оомиин.
@nikekg8017
@nikekg8017 5 жыл бұрын
😭
@kidsfinger9762
@kidsfinger9762 5 жыл бұрын
Мен ыйлап жибердим журогум эзилип
@Нурмырзажолдубайев-ч6к
@Нурмырзажолдубайев-ч6к 2 жыл бұрын
Бир сыйра ыйлап чыгтым
@islombeknurmahammadov3806
@islombeknurmahammadov3806 5 жыл бұрын
Кара суда Ахмад палбан шагирти адамдар чик курош дегеде чикан бирок устази бир арекет менен жерге салган
@ayimnuralieva5087
@ayimnuralieva5087 5 жыл бұрын
Ммм
@ismailbabayan1694
@ismailbabayan1694 5 жыл бұрын
На каком языке говорит?
@bolot5224
@bolot5224 5 жыл бұрын
На кыргызском.
@хамзаусман-ч8ю
@хамзаусман-ч8ю 5 ай бұрын
Дуйнонун чемпиону эмес, олимпиада чемпиону болду деп айткыла.
@Алина-р3ц6в
@Алина-р3ц6в 5 жыл бұрын
Пайгамбарыбыз(с.а.в)дын кулк мүнөөзүнүн себеби менен канчалаган адамдар мусулман болгон... Аллахым ыраазы болгондой... Пайгамбарыбыз(с.а.в)дын кулк мүнөөзүндөй кулк мүнөөз эси кыла көр...(баардык момун мусулман пенделериңди)
@УмарТагаев-р1с
@УмарТагаев-р1с 5 жыл бұрын
Аминь
@nurjigitaidarov509
@nurjigitaidarov509 5 жыл бұрын
Тура айтасыз тууганым ... Илиминизге береке ...
@alyaomurzakova5687
@alyaomurzakova5687 5 жыл бұрын
Амиин, баарыбызга насип этсин.
@bayasabjalov61
@bayasabjalov61 5 жыл бұрын
Амин амин амин!
@abishka5081
@abishka5081 5 жыл бұрын
Аамиин
@МуйдинжонЖалолов
@МуйдинжонЖалолов 5 жыл бұрын
Инша Аллох
Кыйын доордун аалымы АБУ ХАНИФА!
14:46
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 240 М.
Аюб ал Ансарий
19:11
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 19 М.
Incredible: Teacher builds airplane to teach kids behavior! #shorts
00:32
Fabiosa Stories
Рет қаралды 10 МЛН
💩Поу и Поулина ☠️МОЧАТ 😖Хмурых Тварей?!
00:34
Ной Анимация
Рет қаралды 1,9 МЛН
Туран биримдиги деген эмне?
11:47
ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
Рет қаралды 464 М.
КЫРГЫЗДЫН УЛУУ ОЛУЯСЫ - МОЙТ АКЕ!
21:46
ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
Рет қаралды 160 М.
ИСЛАМДЫ КАБЫЛ АЛГАН ОРУС АЙЫМДАР / (Кыргызча котормо)
22:22
Аз Зайд бин Харис
20:01
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 28 М.
Мавляна Жалалиддин Руми ким болгон?
23:30
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 27 М.
Аллах жазалаган коом!
10:12
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 107 М.
Мадинадагы амалкөй жөөттөр!
28:43
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 88 М.
Incredible: Teacher builds airplane to teach kids behavior! #shorts
00:32
Fabiosa Stories
Рет қаралды 10 МЛН