Рет қаралды 39,278
Жеңиш кимдики? Дүйнөсүн акыретке алмаштыргандардыкыбы же дүйнө үчүн баарын жасап, ага жеткендердикиби? Акыйкат үчүн жанын бергендердикиби же пайдасы үчүн акыйкатсыздык кылгандардыкыбы? Айтор, ак менен каранын күрөшү жүрүп турган бул дүйнөдө убак убагы менен жеңиш менен жеңилүү да эки тарапка тең насип болуп турат. Бирок акыретте жеңиш - бир гана такыбалардыкы, ак жолдон кеткендердики.
Пайгамбарыбыз савдын неберелери Хасан менен Хусейиндин окуясы да ак жолдон кетип, бирок дүйнөдө жеңилгендиктин окуясы. Эгер муну “жеңилгендик!” деп атаса албетте. Бүгүн сиздерге аягында Аллахтын ыраазычылыгын тапкан, тарыхтын аянычтуу тагдырын айтып беребиз. Уккандан кийин сиз эмне деп баа беришти өзүңүз билиңиз...