Рет қаралды 26,442
Көк асман тиреп мелтиреп,
Көркөмүң айга серпилет.
Кылымдар ошол көркүңдү,
Кыргызга бердиң энчилеп.
Абасы таза дабаным,
Аскаңда кетип барамын.
Кыялай тасма жол салган,
Кабыл ал шофер саламын.
Көркөмүң сүйкүм манаттан
Кең пейил элге жарашкан.
Кыргызың сүйүп алпештейт,
Кылымды сенсиң жараткан.
Кыяңдан мелүүн жел искеп,
Күн чыкса чыгыш тараптан
Керүүңдөн өтсөм кыз менен,
Көк жибек көйнөк халатчан.