Рет қаралды 4,063
Сыймык Бейшекеев: Бүгүн КР нын эмгек сиңирген артисти булбул үндүү Малик Аликеев деген залкарды төрөп өстүргөн 93 жаштагы Калемкаш апабыз, Малигимдин чогуу иштешкендерине, сахналаш жакын санаалаштарына чай берип Макеме куран окутам деп атайын Таластан борборго филармонияга келиптир. Ээх турмуш, билинбей Макемдин арабыздан кеткенине дагы жыл айланыптыр, 3 жыл илгери Таласка барып Макемин концертин өткөрүп Калемкаш апанын батасын алдык эле ушул топ, айла жок жашоо өз мыйзамы менен улана берет экен, Макем жөнүндө жакшы эскерме кептер айтылды, быйыл Макемин эскерүү концертин берели деп ниет кылдык, Калемкаш апага кайрат тилеп, анан илгери кантип илбирс чапкан баатырдыгын өз оозунан шыпшынып эшиттик. Ата Энеге баланын жамандыгын көргөзбөсүн Кудай, силерди көрүп Малигимди көргөндөй кубат алып калдым кагылайындар, аман эсен болуп менин жашыма жеткиле дегенине каңырыгым түтөдү, Макемин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. С.Бейшекеев тарткан тасма