Рет қаралды 227,698
ӨРҮК ГҮЛҮМ - Сыймык Бейшекеев
#сыймыкбейшекеев #орукгулум #жаныыр2021 #кыргызчаырлар #2021 #сыймык
ӨРҮК ГҮЛҮМ
Сөзү, обону Сыймык Бейшекеевдики
Оюм онго, санаам санга бөлүнүп,
Олтурамын миң сан ойго чөмүлүп.
Өлчөөсү жок эзип салдың жүрөктү,
Өңүмдө эмес түшүмдө көп көрүнүп.
Кайырма:
Кайран жаным санаа тартып саргайды,
Кайыктырган махабатка чөмүлүп.
Билдирбейин башкаларга деп жүрүп,
Бирикпедиң өрүк гүлдөй төгүлүп.
Секетим ай, калса керек ошондо,
Сезимдерим сезимиңе өрүлүп.
Жүрөгүмө катып сени эрмегим,
Жүзүн буруп кетпесин деп дегдедим.
Жүргөн менен менчик кылып кыялда,
Жүгөндөөгө даай албадым, келбедиң.
Кайырма:
Кайран жаным санаа тартып саргайды,
Кайыктырган махабатка чөмүлүп.
Билдирбейин башкаларга деп жүрүп,
Бирикпедиң өрүк гүлдөй төгүлүп.
Секетим ай, калса керек ошондо,
Сезимдерим сезимиңе өрүлүп.
Бирикпедик, бирикпедик,
Бирикпедик өрүк гүлдөй төгүлүп